CAFA турнири. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы (U-20) экинчи орунду ээледи

09:00, 18 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын жаштар курамасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын чемпионатынын финалында Иран курамасы менен беттешти. Турнир Гиссар шаарында (Тажикстан) өттү. Бул тууралуу CAFA социалдык тармактарда билдирди.

Беттеш 2:0 эсебинде ирандыктардын пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасы «А» тайпасында Ооганстандын командасын утуп (3:0) жана Тажикстан менен тең ойноп (1:1) 1-орунду ээлеген.

Иран В тайпасында Түркмөнстанды (1:0) утуп, Өзбекстан менен тең чыгуу менен (0:0) мыкты болду.