Парламентте жети жаңы министр ант берди

13:00, 18 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Ант бергендер:

— саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;

— курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;

— маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;

— санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;

— агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;

— илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;

— коргоо министри Руслан Мукамбетов;