Ошто күрөөкана тонолгон: Шектүүлөр борбор калаадан кармалды

16:45, 18 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

2025-жылдын 11-июнь күнү саат 04:30 чамасында Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманканасынын 1-кабатындагы күрөөканага белгисиз эки адам кирип келишкен. 21 жаштагы кызматкерди Макаров тапанчасына окшош буюм (кийин ал газ тапанчасы болуп чыкты) жана темир буюм менен коркутуп, денесине залал келтиришкен, деп билдирди Ош облусу боюнча ИИМдин басма сөз кызматы.

Жабырлануучунун айтымында, темир сейфтен 300 миң сомго жакын акча жана 1 миллион 300 миң сомго жакын алтын буюмдар уурдалган.

Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды. Алар 24 жаштагы Ош шаарынын тургуну А.Э. жана Кара-Суу районунун 25 жаштагы С.А. аттуу жарандары болуп чыкты. Алар 14-июнь күнү кармалып, андан соң Ош шаарына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алып, кеңири маалымат беришти. Алар уурдалган акчанын бир бөлүгүн жумшап, зер буюмдарын сатууга жетишкен.

16-июнда Ош шаардык соту баш коргоо чарасын — тергөө аяктаганга чейин камоо чечимин кабыл алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы соода түйүндөрүнүн, акча алмаштыруучу жайлардын жана жеке турак жайлардын ээлеринен коопсуздукту жакшыртуу үчүн видеокөзөмөл орнотууну суранат. Камералар мүлктү коргоого жана кылмыштуулуктун алдын алууга жардам берет.