08:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекти жарыксыз калтырган кырсыктын себептери азырынча айтыла элек

Кырсыктын кесепетинен Бишкек шаары менен Чүй облусу жарыксыз калды. Жалпы жарыктын өчүшү саат 13:21де болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Кара-Балта — «Башкы» электр чубалгысында авария болгон. Бирок энергетиктер бул боюнча комментарий бере элек. Көмөк чордонундагы авариялар тууралуу маалымат расмий түрдө четке кагылды.

Борбор калаада 20 мүнөттөй жарык жок болуп, андан кийин шаардын айрым аймактарында электр энергиясы бериле баштаган.

Шаардык ооруканалар бул учурда генераторлорго өттү. Жогорку Кеңеш электр жарыгысыз ишин улантты.

Бишкекте ысык жана муздак суу үзгүлтүккө учурап, айрымдар токтоп калган лифттерге тыгылып калышты.

Мындан тышкары Кант, Токмак жана Кара-Балта шаарлары электр энергиясыз калды.

Борбор калаада Кайгуул милиция кызматынын өздүк курамы күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Кызматкерлер жол кесилиштерде кыймылын жөнгө салууга жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар