08:24
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын министрликтери кызматкерлердин 10 % сынаксыз кабыл ала алышат

Министрликтер кызматкерлердин 10 пайызын конкурссуз кабыл ала алышат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан үч окууда жактырылды.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору менен кызмат адамдарынын санариптик сабаттуулукка ээ болушу боюнча жаңы талаптар, кенже кызмат орундары үчүн кадрлардын бирдиктүү резервин түзүү, айрым административдик кызмат орундарына атайын (конкурстук эмес) тартипте кабыл алуунун жана мамлекеттик органдын демилгеси боюнча кызматты токтотуунун жаңы эрежелери киргизилет.

Документ тууралуу маалыматты юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жана президенттик аппараттын кызматкерлери өзгөчө тартипте дайындалууда.

«Биз талапкерлердин 10 пайызын сынаксыз дайындоону суранып жатабыз. Бүгүнкү күндө министрликтерде үч гана кызмат орун — кеңешчи, жардамчы, пресс-катчы — атайын тартипте дайындалып жатат», — деди Юстиция министрлигинин башчысы.

Депутат Гуля Кожокулова киргизилген жоболордун Тышкы иштер министрлигине тиешеси барбы? — деген суроону койду.

«Сиз бул жерде коррупциялык компонентке жол бербейсизби?» — деп сурады ал Аяз Баетов.

Ал тобокелчиликтер бар, бирок команданы тез арада түзүү керек деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар