17:36
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

19-июнда күтүлгөн аба ырайы

19-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 36...41;

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37;

Баткен облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 36...41;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21...26, күндүз 36...41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 27...32;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23...25°, күндүзгү жогорку температурасы 38...40° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар