08:25
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Азия чемпионаты (U-23): Кыргызстандык балбандар жети медалга ээ болушту

Вьетнамда башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар жети медаль утушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

Турнирдин биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынан катышкан жети спортчу тең медаль тагынышты.

Улуттук курама команданын жыйынтыгы:

алтын — Нурманбет Раймалы уулу (97 килограммга чейин);

күмүш — Байман Каримов (67 килограммга чейин), Кутман Темирбеков (72 килограммга чейин), Бекзат Орункул уулу (82 килограммга чейин);

коло — Курманбек Жапаров (60 килограммга чейин), Эрлан Марс уулу (77 килограммга чейин), Нурболот Токтогонов (130 килограммга чейин).

Бүгүн, 19-июнда күрөш боюнча Азия чемпионаты уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар