Жергиликтүү дарбыздар бышып, базарлардын, дүкөндөрдүн текчелеринде чыга баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кызыл-Жар айылында алгачкы дарбыздар бышып, жергиликтүү тургундарды жемиш менен камсыз кылууда. Кызыл-Жар дарбыздары таттуулугу менен айырмаланып, кошумча пестициддер колдонулбай, органикалык түрдө өстүрүлөт.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте республика боюнча мөмө-жемиш, тагыраак айтканда дарбыз жана коон сатуу үчүн атайын соода аянтчаларын аныктап, даярдаган. Бул чара ата мекендик дыйкандарды жана фермерлерди колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды алдын алуу максатында кабыл алынган.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу болушу үчүн ар бир сатуучу жайга жооптуу кызматкерлер бекитилген. Алдын ала алар менен байланышып, жайгашкан жери, иш тартиби жана жайгашуу шарттары тууралуу керектүү маалыматтарды ала аласыз. Толук маалыматты биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан тапса болот.