07:46
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Пайдалуу кеңеш: Окумуштуулар аспиринге альтернатива табышты

Окумуштуулар P2Y12 ингибитор классындагы дарылар: клопидогрел жана тикаргрелор аспиринге салыштырмалуу инфаркт, инсульт жана өлүм коркунучун азайтууда кыйла эффективдүү экенин аныкташты. Бул тууралуу Sport-Express басылмасы жазууда.

Окумуштуулар 16 000ден ашык адам катышкан беш клиникалык сыноого анализ жүргүзүшкөн. Алар P2Y12 ингибиторлорун кабыл алгандар аспиринди гана колдонгондорго салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу 23 пайызга аз экенин аныкташкан. Ошол эле учурда эки топто тең олуттуу кан агуунун деңгээли бирдей болгон.

Аспирин жүрөк-кан тамыр ооруларына жазылат, анткени ал инфаркттын жана инсульттун негизги себептеринин бири болгон кандын уюп калуу ыктымалдыгын азайтат. Ал тромбоциттерге, уюу үчүн жооптуу кан клеткаларына таасир этип, алардын бири-бирине жабышып калышына жол бербейт жана ошону менен артериялардын бүтөлүп калуу коркунучун азайтат.

Бирок, изилдөөнүн авторлору мындай жыйынтыктарга этияттык менен кароо керектигин баса белгилешет. Анткени жекече айырмачылыктар болушу мүмкүн. Акыркы сунуштар үчүн узак мөөнөттүү байкоолор менен кийинки изилдөөлөр талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар