08:00
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ТИМде «Е дипломат» деген мекеме түзүлүп, анда 40 адам иштейт

Президент Садыр Жапаров «Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мекеме тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана визалык жана миграциялык маселелерге комплекстүү мамилени камсыздоо максатында түзүлүүдө.

Жарлыкта мекемени түзүү, анын ичинде кызматкерлердин маянасы Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин эсебинен ишке ашырыла турганы айтылат.

Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекеме жана анын штаттык саны жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын 40 бирдикке көбөйтүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар