Быйыл күздө Саламаттыкты сактоо министрлиги Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 50 тез жардам унаасын алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында министр Эркин Чечейбаев билдирди.
Депутат Пархат Тулендыбаев Бишкекке жаңыдан кошулган конуштарга тез арада медициналык жардам көрсөтүү маселесин буга чейин да көтөргөнүн белгиледи. Булар Маевка, Пригородное, Озерное, Нижняя Ала-Арча, Лебединовка айылдары. Маселе бул аймактардагы станциялардын тез жардам унааларынын жоктугунан иштебей жатканында болууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Евразия фонддунун долбоору алкагында алгач 2026-жылы 50 тез жардам унаасын алуу пландаштырылган деп жооп берди.
«Бирок, оор кырдаалды эске алып, биз жазында фонд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, унааларды өткөрүү процессин тездетүүнү суранганбыз. Алдын ала айтканда, баары план боюнча жүрсө, 2025-жылы күзгө жакын, тез жардам унааларынын партиялары келет деп күтүп жатабыз», — деди ал. Эркин Чечейбаев белгилегендей, алынган техникалар республика боюнча таратылат.