17:34
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда 963 дарыгер Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алды

Кыргызстанда «Мамлекеттик ипотекалык компания» программасы боюнча 963 дарыгер батирге ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагында 2,6 миңден ашык кызматкер мамлекеттик ипотека алуу үчүн кезекте турат.

Темиркул Балтабаев белгилегендей, 2027-жылдын аягына чейин кезекте турган бардык медицина кызматкерлери турак жай алышат.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 4 миң 499 батирди берүүнү пландаган. 2024-жылы 1 миң 59 жаранга турак-жай берилген. Жалпысынан учурда республика боюнча 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар