21-июнга карата аба ырайы

19:20, 20 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 21-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16... + 21, күндүз + 31... + 36

Талас облусунда түнкүсүн +12... + 17, күндүз + 30... + 35

Баткен облусунда түнкүсүн +18... + 23, күндүз + 31... + 36

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... + 23, күндүз + 31... + 36

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11... + 16, күндүз +24...+29

Нарын облусунда түнкүсүн +7... + 12, күндүз + 25 ... +30

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +33...+35.