«Ош-Сары-Таш-Эркештам» унаа жолунун 131-чакырымында селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол кыймылы бир тараптуу режимде ачылды. Учурда жолду калыбына келтирүү жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
21-июнь күнү саат 23:00дөр чамасында аталган унаа жолдун тилкесинде эки жолу сел жүрүп, унаа кыймылын толугу менен жаап салган. Окуя болгон жерге кызматкерлер жана атайын техникалар ыкчам жетип, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.
Өз убагында көрүлгөн чаралардын аркасында жол кыймылы бир тараптуу режимде калыбына келтирилди.