УКМК Токмак шаарынын Чыгыш өнөр жай аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилген 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш.
Ошентип, жердин учурдагы менчик ээси Ж.Т.Д. аттуу жаран 2,8 га жер участогуна мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.