08:00, 24 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Жайкы Давос — 2025» Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.
Форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.