Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы жетекчиси Зимбабведен келген Кирсти Ковентри расмий түрдө кызматына киришти. Бул тууралуу DW билдирди.
Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитетин тарыхта биринчи жолу аял башкармай болууда. Африкалык мамлекеттердин өкүлдөрү да мурда бул кызматты ээлеген эмес. Ковентри Зимбабвелик сууда сүзүүчү, дүйнөлүк рекордсмен, саясатчы жана спорт администратору. 2018-жылдын сентябрынан бери Ковентри Зимбабвенин министрлер кабинетинде жаштар, спорт, искусство жана эс алуу министри болуп иштеген.
Бүгүн, ал Эл аралык Олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Томас Бахтын ордуна расмий түрдө киришти.
Эске салсак, Кирсти Ковентри 20-мартта Грецияда өткөн комитеттин 144-сессиясынын чечими менен жаңы президент болуп шайланган. Ал биринчи турда 97 добуштун 49уна ээ болду, көпчүлүк маалымат каражаттары муну «күтүүсүз» деп атады. Бул кызматка жалпысынан жети адам арыз берген.