Кыргызстанда бүгүн түнү жер титирөө болду

08:52, 24 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн түнү Кыргызстанда жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 00:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 6 чакырым түштүк-чыгышты карай, Берик-Суу айылынан 6 чакырым түштүк-батышты карай, Раззаков айылынан 50 чакырым түштүк-чыгышты карай, Баткен шаарынан 72 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш, Берик-Суу айылдарында 3,5 баллга, Кызыл-Чарба айылында 3 баллга, Катран, Кара-Суу, Лейлек, Рават айылдарында 2,5 баллга жеткен.