2025-жылы Кыргызстанда 16 саламаттыкты сактоо мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, иш өлкөнүн ар кайсы аймактарын камтыйт жана республикалык бюджеттен каржыланат.
Бул максаттарга бардыгы болуп 480,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 24-kg.com агентигине капиталдык оңдоодон өтүп жаткан медициналык мекемелердин тизмесин берди:
Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасы,
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору,
№ 8 үй-бүлөлүк медицина борбору,
Улуттук кардиология жана терапия борборунун имараттары (биринчи жана экинчи этаптар),
Тез жардам клиникалык ооруканасы,
Сокулук райондук ооруканасы,
Сүлүктү шаарындагы поликлиника,
Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы оорукана,
Аксы районунун Кара-Суу айылындагы оорукана,
Майлуу-Суу шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борбору,
Каракол шаарындагы медициналык окуу жай,
Чолпон-Ата шаарындагы жалпы медициналык практика борбору,
Ноокат аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмү,
Талас облустук бириккен ооруканасы,
Ош облустар аралык бириккен ооруканасы.