13:33, 24 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Азербайжан Республикасынын айыл чарба министри Меджнун Гадир оглу Мамедов расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, Чүй облусундагы бир катар айыл чарба чарбаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Иш сапардын алкагында министр «Алтын Арашан» (Арашан айылы) жана «Арашан Малёк» (Маевка айылы) аттуу чарбаларда болуп, алардын өндүрүш багытына жана жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле, ал чарбалардын кызматкерлери менен жолугушуп, алардын тажрыйбасына жана эмгегине жогору баа берди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Кыргызстандын селекция жолу менен чыгарган Арашан породасы менен да таанышып чыкты. Бул мал породасы — Кыргыз Республикасында мал чарбасын өнүктүрүү максатында чыгарылган, негизинен эт багытындагы сапаттары менен айырмаланат.
Арашан породасы климаттык шарттарга жакшы ыңгайлашып, жогорку чыдамкайлыкка ээ. Ал тез жетилип, эт сапаты боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтөт. Мындан тышкары, азыкка болгон үнөмдүүлүгү менен да фермерлер арасында кеңири колдонулууда.