Нарын облустук административдик соту Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын доо арызын канааттандырды.
Соттун чечими менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 10-мартындагы No203 буйругунун 1-пунктунун 2-пункту Жер кодексин жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамды бузуу менен чыгарылгандыктан күчүн жоготту деп табылган. Буга чейин «Кубат» дыйкан чарбасына өткөн мыйзамсыз берилген 14 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылган.