Centrum Air авиакомпаниясынын Ташкенттен Бишкекке алгачкы аба каттамы ишке ашты

15:11, 24 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 24-июнда Centrum Air компаниясынын Ташкенттен Бишкекке алгачкы аба каттамы ишке ашты. Учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эми бул багыт жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү үзгүлтүксүз тейленет.

«Кыргызстандын аэропорттору» . Centrum Air авиакомпаниясынын учагы Бишкекке конду
Мунун аркасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы каттам ого бетер жеткиликтүү болуп, саякат үчүн ыңгайлуу болмокчу.