09:54
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте ОСАГО камсыздандыруу полисин күнү-түнү ала аласыз

ОСАГО камсыздандыруу полисин алуу — жөнөкөй жана ыкчам. Эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жана анын бардык филиалдары күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы дем алыш жана майрам күндөрүн кошо алганда, автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча жарандарды күнү-түнү кабыл алууну баштады», — деп айтылат маалыматта.

Каалоочулар Москва көчөсү, № 71 дарек боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кеңсесине кайрылса болот. Уюм бул суроо-талаптын көптүгүнөн жана мыйзам күчүнө киргендиктен жасалганын кошумчалады.

Эске салсак, 2025-жылдын 1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айлоочуларга айып пул салына баштайт. Мындан улам Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга өз убагында аталган полисти алып алууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар