Садыр Жапаров расмий сапар менен Куала-Лумпурга (Малайзия) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысын эл аралык аэропорттон Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланарын эске салабыз.