21:44
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек жолдорун оңдоо иштери. Бүгүндөн тарта Жумабек көчөсү жабылды

Бишкектин Жумабек көчөсү бүгүндөн тарта капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык.

«Учурда эски асфальтты кырып, тал-терек дүмүрлөрүн жулуп жатышат. Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин бул тилкеге ​​жаңы жол салынып, эки тарабына тротуар коюлуп, ирригациялык система орнотулат», — деп айтылат маалыматта.
Эң көп окулган жаңылыктар