Бишкек жолдорун оңдоо иштери. Бүгүндөн тарта Жумабек көчөсү жабылды
08:00, 25 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкектин Жумабек көчөсү бүгүндөн тарта капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
«Учурда эски асфальтты кырып, тал-терек дүмүрлөрүн жулуп жатышат. Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин бул тилкеге жаңы жол салынып, эки тарабына тротуар коюлуп, ирригациялык система орнотулат», — деп айтылат маалыматта.