07:19
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Тазалык ишканасы 1-июлдан тарта шаар четиндеги айылдардагы таштандыларды чыгарат

«Тазалык» ишканасы 1-июлдан тарта шаар четиндеги айылдардагы таштандыларды чыгарат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, «Новопавловка», «Лебединовка», «Нижняя Ала-Арча», «Аламүдүн» жана «Көк-Жар» айыл аймактарындагы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу эми муниципалдык ишкана тарабынан ишке ашырылат.

1-июлдан тарта аталган аймактардын абоненттери таштанды чыгаруу кызматына төлөгөндүгү үчүн дүмүрчөктөрдү ала башташат.

Муниципалитет үчүнчү тараптын жеке компанияларына төлөмдөрдү жүргүзбөй, «Тазалыктын» ишканасынын расмий каналдарын гана колдонууга чакырат.

Эске сала кетсек, катуу таштандыларды чыгаруу тарифтери Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы токтому менен белгиленген жана төмөнкүдөй:

калк үчүн — бир адамга айына 42,23 сом;

пенсионерлер үчүн — КНС менен 23,18 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар