Бүгүн, 25-июнда Путраджая шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.
Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министринин кеңсесинин Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, өкмөт башчынын жеке кабинети менен таанышты.