07:26
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Шашылыш билдирүү: Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 26-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга төмөнкүлөрдү эскертет:

сел коопсуздук эрежелерин сактоо;

арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү жана таштанды таштабоону;

турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоону;

үй же сарай салууда жана эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууну;

сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү;

мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүүнү.

Эң көп окулган жаңылыктар