Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды

14:05, 25 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Алтынбек Эргешов Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык кол койду.

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.