Кыргызстан президентинин Малайзияга сапары. Бир катар документтерге кол коюлду

14:33, 25 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Президенттин басма сөз кызматы. Бир катар документтерге кол коюлду
Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлуп, алмашылды:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Малайзиянын Башкы прокуратурасынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;

— КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.