Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

19:03, 25 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.