Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Алгач Мамлекет башчыны расмий тосуп алуу аземи болду. Андан соң Президент Садыр Жапаров Путраджая шаарында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки жакты тең кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты.
Ошентип, Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын келечектеги гүлдөп өнүгүүсү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташууну бекемдөө жөнүндө биргелешкен билдирүүгө жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Мындан тышкары Президент Садыр Жапаров Малайзиянын Премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Куала-Лумпур шаарында Малайзия Сенатынын (жогорку палатасы) Төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах жана Малайзия Парламентинин Өкүлдөр палатасынын (төмөнкү палатасы) Спикери Джохари бин Абдул менен жолугушту.
Мамлекет башчысы ошондой эле Малайзиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга Малайзиянын 50дөн ашык ири компанияларынын, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Ал жерде Президенттин катышуусунда дагы бир катар документтерге кол коюлду.
Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарын аяктап, 25-июнда Бишкекке кайтып келди.