Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) келди. Бул тууралуу мамалекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.