Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунун узундугу 77,5 километрден 81,4 чакырымга чейин, тагыраагы 3,9 чакырым (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) бөлүгү толугу менен реконструкцияланып, оңдолуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин «Кыргызавтожол-Север» мамлекеттик ишканасы жана «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы жүргүзгөн.
Долбоорго ылайык, жол ар биринин туурасы 3,5 метрди түзгөн төрт тилкеден туруп, жолдун жалпы туурасы 14 метрди түзөт. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун кыймылынын көптүгү эске алынып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн алгач калыңдыгы 9 сантиметр болгон асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлгөн.