20:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Пайдалуу кеңеш: Муз кошулган сууну кимдер ичпеши керек?

Муз кошулган суусундуктар өнөкөт ичеги-карын ооруларынын күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Евгений Арзамасцев билдиргендигин Baku.ws сайты жазып чыкты.

Адисттин айтымында, муздак суусундуктарды ичүү тамак сиңирүү органдарындагы кан айланууну азайтат. Бул, өз кезегинде, тамак-ашты майдалоо үчүн жооптуу тамак сиңирүү ферменттеринин активдүүлүгүн начарлатат.

Дени сак адам үчүн мындай таасир, эреже катары, коркунуч туудурбаса да, дарыгерлер ичеги-карын оорулары менен ооруган адамдарга муз кошулган суусундуктардан баш тартууга кеңеш беришет. Тактап айтканда, бул гастрит, ашказан жарасы, сезгенүү жана өт баштыкчасында таш пайда болушуна тиешелүү — бул учурларда муздак суюктук симптомдордун күчөшүнө салым кошо алат.

Мындан тышкары, Арзамастцев муздак суусундуктар ашказан аркылуу тамак-аштын өтүшүн кечеңдетип жатканын белгиледи. Гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусунда (GERD) бул ашказандагы заттын кызыл өңгөчкө кайра келишин күчөтүп, оорунун жүрүшүн начарлатышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар