17:01
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Эл өкүлү Баткендеги Гапыр Мадаминов мектебинин имаратын оңдоп берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунан келген жаңычыл мугалим Гапыр Мадаминов түптөгөн мектептин имаратын оңдоп берүүнү бийликтен суранды.

Ал белгилегендей, билим берүү мекемеси Лейлек районунда жайгашкан.

«Анын бүтүрүүчүлөрү ар кайсы тармакта иштеп, чет өлкөдөн билим алып келишүүдө. Эл, окуу жайдын жамааты мектеп-гимназиянын имаратын оңдоп берүүнү суранып жатышат», — деди эл өкүлү.

Миргүл Темирбаева бул жылы Баткен облусунан бир дагы окуучу ЖРТга «алтын сертификат» берилбегенин кейүү менен белгиледи. Эл өкүлү буга жергиликтүү гимназиялардын макамынан ажырап калганы себеп болушу мүмкүн деген оюн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар