03:37
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ноокат районунун судьясы коррупцияга айыпталууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди

Атайын кызмат тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокат районунун судьясы А.Г.А. тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», ошондой эле «Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу» фактысы аныкталды.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы
Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр салмактагы баңги заттарды (гашиш) сатуу учурунда Н.И. кармалгандыгы аныкталган. Н.И.нин жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 2 кг. (гашиш) баңги заты табылып, жалпы салмагы 2,7 кг баңги заты алынган. Н.И.ни тинтүү учурунда таңгакталган жана электрондук таразадагы баңгизаттар табылган, бул аларды сатуу ниетинен кабар берет.

Бирок, судья А.Г.А. соттук чечим чыгарууда «Сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесин «Сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине кайра квалификациялаган.

Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон.

Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

2025-жылдын 13-июнунда КР Судьялар кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

2025-жылдын 21-июнунда А.Г.А.га карата жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу» беренелери боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин А.Г.А.нын оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.

УКМКнын маалымдамасы

Өкмөттүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна ылайык 90 граммдан ашкан гашиш өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар