07:44
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Криштиану Роналду «Аль Наср» клубу менен 2 жылдык келишимге кол койду

Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубу Криштиану Роналду менен келишимин 2027-жылга чейин узартылганын жарыялады.

The Sun басылмасынын маалыматына караганда, португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду «Аль Наср» менен 2027-жылдын жай айына чейин жаңы келишимге кол койгон. Бул аралыкта ал 575,6 миллион евро алат.

178 миллион фунт жылдык маянасынан тышкары Роналду 24,5 миллион фунт стерлинг сыйлык алат. Келишиминин экинчи жылы клубда калса, 38 миллион фунт кошумча бонус берилет.

Кошумчалай кетсек, Криштиану команданын 15% акциясына ээ, бул 33 миллион фунт стерлингди түзөт. Ал Саудиянын «Алтын бутсасын» жеңсе 4 миллион фунт стерлинг, ал эми «Аль Наср» кубогуна ээ болсо 8 миллион фунт стерлинг бонус алат.

Жаңы келишимге ылайык, клуб Роналдуну 16 кызматкер менен камсыздайт: үч айдоочу, төрт кызматчы, эки ашпозчу, үч багбан жана төрт күзөтчү.

Эң көп окулган жаңылыктар