Республикалык бюджеттин эсебинен бала бакчаларды куруу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.
Мектепке чейинки балдар мекемелери кайсы жерде курулуп жатканы көрсөтүлөт:
Жалал-Абад облусу — 34;
Ош — 29;
Нарын — 16;
Ысык-Көл — 15;
Бишкек шаары жана Чүй облусу — 10;
Баткен — 8;
Талас — 8.