Лейлек районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 3,3 гектар жер тилкеси имараттары менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү көзөмөлдөөчү органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы автопарктын жер тилкеси менен мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси 55 миллион сомдон ашык 4 имарат жана курулуш менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылган.