Каныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болду

15:35, 27 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Каракол шаарынын (Ысык-Көл облусу) мэри болуп Каныбек Адиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Интернеттен алынды. Каныбек Адиев
Буга чейин Каныбек Адиев Түп районунун акими кызматын аркалап келген.

Ал Каракол шаарынын мурдагы мэри, учурда Түп районунун акими болуп дайындалган Тимур Мадяровдун ордуна келди.