Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

18:07, 27 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин расмий Instagram баракчасында кабарланды.

Белгиленгендей, Кыргызстандын футбол биримдиги июнь айынын аягында бүтө турган келишимди узартпоо чечимине келген. Аны менен бирге анын машыктыруучулар штабы да командадан кетет.

Бүгүн КФУнун вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын менен жолугушуп, Камчыбек Ташиевдин, ошондой эле жалпы футбол коомчулугунун атынан анын кесипкөй ишмердүүлүгү жана команданын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Фото Кыргыз футбол биримдиги. Максим Лисицын жана Нурдин Букуев
Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Россиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды. Машыктыруучу жаңы муундун оюнчуларына ишенимин арттырып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча кынтыксыз иш жүргүздү. Ал келечектеги боло турган чакырыктарга команданын болгон даярдыгын жакшыртты.