Алдыда бишкектиктерди эмне күтүп турат? 30-июндан 2-июлга чейинки аба ырайы

09:00, 30 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Апта башында ысык жана кургак болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

30-июнда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +17 градус жылуу болушу күтүлөт. Күндүз аба +34 градуска чейин жылыйт.

1-июлда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +14 градуска жакын жылуу болот. Күндүз термометр +33 градуска чейин көтөрүлөт.

2-июль олуттуу өзгөрбөйт. Түнкүсүн +17 градуска чейин, күндүз +35 градуска чейин ысыйт