Каракол шаарында «VI Улут баскан — Улуу жол» эл аралык этнофестивалы өтөт

10:27, 30 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Каракол шаарынын 156 жылдыгына 1-2-июль күндөрү “VI Улут баскан – Улуу жол” эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында «ОЙМО» кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, тамак-аш, “IV Кыргыз боз үйү” эл аралык фестивалы, «Сармерден» концерти, айтыш, улуттук оюндар, жаш манасчылардын өнөрлөрү тартууланат. Ошондой эле “Сабантуй–2025” – Татар-Башкыр этникалык тобунун этнофестивалы жана жылдыздардын катышуусунда гала-концерт болот.

Бул маданий иш-чаралардын негизги максаты — улуттук жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандагы этностордун салттуу мурасын таанытуу, туризмди өнүктүрүү, чыгармачылык байланышты бекемдөө жана шаар тургундары менен коноктор үчүн маданий майрам тартуулоо болуп саналат.