20:57
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

Нарын облусун суу менен камсыздоону жакшыртууга 7,5 млрд сом бөлүнгөн

Нарын облусунун таза суу системасын жакшыртууга жалпысынан 7 миллиард 558 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун 43 айылын камтыган таза суу долбоору 2020-2029-жылдарды камтыйт. Учурда эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен жалпы суммасы 71,7 млн долларды түзгөн төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылып жатат:

6 айылда курулуш иштери толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди;

15 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат;

7 айылда тендердик баалоо баскычында;

15 айылда долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө (мөөнөтү — 1 жыл).

Долбоордун 2-фазасы боюнча кошумча 15 айылга таза суу жеткирүү пландалууда. Жергиликтүү тазалоочу (ЛОС) системаларын куруу да каралган.

Нарын шаарындагы долбоорлор:

Таза суу жана канализация долбоорунун жалпы суммасы — 12,7 млн евро:

1-фазада (6,2 млн евро): 15 км суу, 6 км канализация түтүктөрү жана 8 атайын техника сатып алынган;

2-фазада (6,5 млн евро): жаңы саркынды сууну тазалоочу жай, 12 км канализация түтүгү, 2 насостук станция куруу иштери башталды.

Ошондой эле республикалык бюджеттен ддагы каражат бөлүнүп, 18 айыл долбоорго киргизилган. Анын ичинен:

10 айылда долбоорлоо иштери пландаштырылды;

8 айылда курулуш иштери пландаштырылды;

Нарын облусунун ичүүчү суу системаларын жакшыртууга жалпысынан 7 млрд 558 млн сом бөлүү каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар