14:15, 30 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Нарын шаарынын Молдоев көчөсүндө 9 кабаттуу төрт кварталдан турган заманбап турак жай комплекси курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 216 ыңгайлуу батирлер курулат: 1 бөлмөлүү — 72, 2 бөлмөлүү — 72, 3 бөлмөлүү — 72.
Маалым болгондой, турак жай комплексинин өзүнүн отканасы бар, суу, канализация, электр энергиясы борбордук тармактарга кошулган. Участоктун өзүнүн трансформатордук станциясы (ТП) бар.
Тургундар үчүн оюн аянтчасы жана воркаут зонасы каралган.