16:00, 30 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында Тоголок алтын кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук угуулар болуп өттү.
1978-жылы ачылган алтын кени Жети-Өгүз районундагы жетүүгө кыйын бийик тоолуу аймакта жайгашкан. 2023-жылдын августунан тарта «Кумтөр Оперейтинг Компани» кенди иштетүүгө лицензияга ээ.
Ишканадан маалымдашкандай, коомдук угууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Оргочор, Жети-Өгүз айыл аймактарынын тургундары жана жарандык активисттер катышты. «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын өкүлдөрү Тоголок кенинин тарыхы, учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү боюнча компаниянын пландары тууралуу айтып беришти.
Долбоордук топтун жетекчиси Алмаз Кожонов белгилегендей, учурда кенге кирүүчү жолдор калыбына келтирилип, текшерүү жана геологиялык чалгындоо иштери аяктады. «Быйылкы жылы электр чубалгыларын тартуу, технологиялык жолдун, инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо пландалууда», — деди ал.
Жети-Өгүз районунун тургундарынын суроосуна жооп берип жатып Алмаз Кожонов Тоголок кенинде бардык иштер белгиленген техникалык жана экологиялык талаптарга так ылайык жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. «Бизде Кумтөр кенин кошо алганда, алтын кендерин иштетүү боюнча чоң тажрыйба топтолгон жана бул тажрыйба Тоголок кенин иштетүүдө да колдонулат», — деди ал.
Коомдук угуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жана активисттер өздөрүнүн бардык кызыктырган суроолоруна жооп алышты, анын ичинде алтын казуу ыкмасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана алтын чыгаруучу фабриканын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн келтирилген зыянды азайтуу, ага чектеш айылдардын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча кызыктырган баардык суроолоруна жоопторду алышты.
Белгилей кетсек, Бишкектен Тоголок кенине чейинки аралык 560 чакырымды түзөт. Кенге эң жакын калктуу пункт деңиз деңгээлинен дээрлик 3200 метр бийиктикте жана 35 чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Шыйрак айылы болуп саналат.
2004-жылы жүргүзүлгөн техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы боюнча Тоголок алтын кенин иштетүү кирешелүү деп табылган.