08:13
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкектин 12-кичи районунда 2-июлда суу болбойт

2-июлда 12-кичирайондо саат 10:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.

Өчүрүү «Дастан Сити» турак жай комплексинин чуңкурунда ичүүчү суунун агып кеткендигин аныктоо иштерине байланыштуу болуп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар