14:51
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чолпон-Атада ЖККУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйыны аяктады. Талкууланган маселелер

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Жыйынтыгы боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери биргелешкен төрт билдирүүгө кол коюшту

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун алкагында мүчө мамлекеттердин тышкы саясий аракеттерин координациялоо маселелери талкууланды. Айрыкча уюмдун алкагындагы кырдаалга, тышкы коркунучтарга каршы жамааттык чараларды күчтөндүрүүгө жана башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө глобалдык чакырыктар күчөп жаткан шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанисин белгилеп, Кыргызстандын жамааттык коопсуздуктун принциптерине, тең укуктуу диалогго жана суверенитетке болгон урмат-сыйга берилгендигин баса белгиледи.

Министрдин айтымында, кыргыз тарап региондогу мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, көп тараптуу дипломатияны кеңейтүүгө жана ЖККУнун кризистик жагдайларды тынчтык жолу менен жөнгө салуусуна активдүү катышууга өзгөчө маани берет.

Мындан тышкары, маалыматтык чөйрөдө кызматташууну тереңдетүүнүн, деструктивдүү идеологиялардын жайылышына каршы күрөшүүнүн жана ЖККУнун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөнүн зарылдыгы дагы белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери төмөнкүдөй биргелешкен билдирүүлөргө кол коюшту:

радикалдашууга, терроризмге жана экстремизмге алып келүүчү көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча;

эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча;

Борбор Азия жана Афганистан үчүн БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борбору жөнүндө;

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу.

ЖККУга төрагалык кылган Кыргызстан жыйындын жүрүшүндө тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого багытталган демилгелерди колдогондугу жана конструктивдүү диалог үчүн бардык делегацияларга ыраазычылык билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар